Бишкекте баңгизат сатууга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 27-февраль күнү Бишкек ШИИБдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына белгисиз адамдар баңгизат сатып жүргөндүгү боюнча маалымат түшкөн. Аталган факты боюнча Кылмыш кодексинин 282-беренесине ылайык (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында, 1989 жана 1976-жылы туулган шектүүлөр кармалган. Алар Тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Феодосий көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн бирин тинтүү учурунда өңү жашыл түстөгү 50 целлофанга оролгон өзгөчө жыты бар баңгизат табылган. Алынган баңгизат ИИМдин Эксперттик кызматынын маалыматына ылайык каннабис (марихуана) деп табылып, жалпы салмагы 5 килограмм 602 граммды түзгөн. Учурда тергөө иштери уланып жатат.