Борбордук милициянын кызматкерлери УКМКнын Бишкек шаары башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте шаардын аймагында Хизб-ут-Тахрир диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармашты. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Аталган факты боюнча Ленин РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 332-беренеси (Эктремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен кылмыш козголгон. Жүргүзүлгөн ыкчам жана тергөө ишеринин жыйынтыгында Бишкек шаарынын Гатчин көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде 1995-жылы туулган жаран аныкталып, көрсөтүлгөн даректен аялдар тобуна жашыруун диний сабактар өткөрүлүп жаткандыгы тастыкталган.
Жогорудагылардын негизинде, 3-июнь күнү Ленин райондук сотунун токтомуна ылайык, көрсөтүлгөн даректе тинтүү-ыкчам иш чаралары жүргүзүлүп, экстремисттик мүнөздөгү маалыматтарды камтыган уюлдук байланыштар, СД-дисктер, көптөгөн китепчелер жана дептерлер табылган. Ошону менен бирге, диний экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрү, жана экстремисттик материалдарды даярдап, таратып, жашыруун сабактарды өткөрүп үгүттөө иштерин жүргүзгөн 4 жаран тергөө кызматына жеткирилген. Алынган буюмдарга тийиштүү экспертизалар дайындалды.