Бишкектеги үйлөрдүн бирине жаңы төрөлгөн ымыркай ташталганы айтылууда

Арча-Бешик конушунун Кара-Кужур көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин короосунда ымыркай табылганы айтылып, окуянын видеосу тарады.

Ымыркайдын Бишкек шаардык милиция кызматкерлери тарабынан шаардык төрөтканалардын бирине өткөрүлгөнү да айтылат.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги окуя боюнча Ленин РИИБге кайрылганыбызда, бир аздан кийин комментарий берилерин билдиришти.