Бишкектеги үйлөрдүн биринен эне менен кызынын жансыз денеси табылды. 21 жаштагы кыздын зордукталганы айтылууда

Бишкекте Ибраимов менен Жибек Жолу проспектисинин кесилишиндеги үйлөрдүн биринен аял менен кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Kaktus.media жазып чыкты.

Маалыматка караганда, бүгүн, 12-майда саат 13:00 чамасында шаардагы үйлөрдүн биринде эки жарандын сөөгү табылган. Алардын бири болжол менен 60 жашта, экинчиси 20-25 жашта. Милиция 60 жаштагы аял жана анын 21 жаштагы кызы өлтүрүлгөнүн аныктаган. Айрым маалыматтарга караганда, алар спирт ичимдиктерин көп иче турган. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, 21 жаштагы кызды алгач зордуктап, андан кийин энеси менен кошо бычактап өлтүрүшкөн. Милиция кызматкерлери жеринде иштеп жатышат.

Бул боюнча Бишкек ШИИБге кайрылганыбызда маалымат такталып жатканын айтышты.