Бишкектеги үйүн сатууга мажбурлашып… Укук коргоо кызматкерлери деп алдамчылык менен алектенген жарандар кармалышты

21-апрелде Бишкек шаарынын Ленин РИИБне Е.К. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда белгисиз жарандар бейтааныш абоненттик телефон номерлери аркылуу өздөрүн УКМКнын кызматкерлерибиз деп тааныштырып, депозиттик эсебинен 300 000 сом акча каражатын белгисиз банктык эсептеге котортуп, андан кийин Бишкек шаарында жайгашкан батирин 74 миң долларга сатууга мажбур кылышып, сатуудан түшкөн акча каражатын бир нече банктык реквизиттерине котортуп алышкан. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.

Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан (Дропперлер – алдамчылар тарабынан уурдалган акчаларды накталай алуу үчүн колдонулган адамдар): 2006-жылы туулган А.А., 2006-жылы туулган Э.Н., 1980-жылы туулган Т.А., аттуу жарандар аныкталып кармалышты. Тинтүү жүргүзүлгөн убакта батирлеринен: банктык эсеп карталары, ар кандай төлөм квитанциялар, сим-карталар жана белгисиз маркадагы тапанча (Газ менен атуучу, ок дарысы жок) табылган. Кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда кылмыш боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.