Бишкектеги зоопаркта өрт чыгып, 6 маймыл жана 1 кенгуру өлдү

Бүгүн, 28-январда Бишкек шаарынын Октябрь районундагы реабилитациялык зоопарктан өрт чыгып, саат 08:50дө толук өчүрүлдү.

Тилсиз жоонун кесепетинен зоопарктын контейнерге салынган, ичи жыгач менен капталган 10 чарчы метр жасалгасы күйгөн. Натыйжада 7 жаныбар (6 маймыл, 1 кенгуру) өлдү. Өрттүн себептери такталууда.