Бишкектен Новопавловкага кардар жеткирген таксинин айдоочусуна 14 жолу бычак сайылган

Бүгүн, 11-июлга караган түнү жүргүнчү таксистке кол салып, 14 жолу бычак сайган. Бул маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден тастыкташты.

Бишкектен Новопавловка айылына айдатып барган айдоочуга белгисиз адам 14 жолу бычак менен жаракат келтирген. Жабырлануучу ооруканага жаткырылды.

«Такси айдоочу Бишкектин Тунгуч кичи районунан кардарды алып, андан соң аны менен Новопавловка айылына барганы аныкталган. Кардар жол киренин электрондук капчыгы аркылуу төлөгөн. Кийин жүргүнчү күтүүсүздөн бычагын алып чыгып, таксистке кол салган. Айдоочу унаадан чыгууга үлгүргөн. Таксист 14 бычактан жаракат алып, ооруканага жаткырылды. Ал эми шектүү жакынкы аралыкта кармалат», — дешти милициядан.