Бишкектен эки батир алып берүүнү убадалаган жарандар тургунду 8,3 миллион сомго алдап кетишкен

Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 17-мартта милицияга жаран кайрылып, 2 киши андан 65 миң доллар жана 25 миң доллар турган Мерседес-Бенц унаасын алганын айткан. Алар бул акчага эки батир бермек болгон. Келтирилген чыгым 8 миллион 300 миң сомду түзгөн.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 1989-жылы туулган жаран кармалды. Милиция анын шеригин издеп жатат.