Бишкектен жасалма документ менен учуп кетмекчи болгон чет өлкөнүн жараны кармалды

УКМКнын кызматкерлери тарабынан 3-февралда жүргүзгөн контртеррордук иштердин алкагында чет өлкөнүн жараны кармалды. Бул маалыматты комитеттин басма сөз кызматынан таратышты.

Расмий маалымат боюнча, шектүү Бишкек шаарынан жасалма документтин жардамы менен учуп кетүүнү пландаган. Ал камакка алынып, тергөө жүрүп жатат.