Бишкекте ИИМ Академиясынын курсанты көз жумду. Аны унаа сүзүп кеткен

Бүгүн, 9-январда таңга жуук Ички иштер министрлигинин Академиясынын курсантын унаа сүзүп кеткен. Окууга бара жаткан жабырлануучу каза болгон. Бул тууралуу Kaktus.media жазды. 

Маалыматка караганда, кыз Жибек Жолу проспектиси менен Коммунаров көчөсүнүн кесилишинен жолдон өтүүгө аракет кылган учурда аны белгисиз унаа сүзүп кеткен. Катуу соккудан жабырлануучу каршы тилкеге ​​чыгып кетип, аны башка унаа тебелеп кеткен. Кыз ошол жерден каза болгон.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине ИИМден маалымат такталып жатканын айтышты.