Борбор шаарда эки жаран (30 жаштагы Б.Б. жана 31 жаштагы Ж.Э.) кыз ала качууга шек саналып кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан маалымдашты.
Милициянын маалыматына караганда, 5-февралда 23 жаштагы кыз аны эки киши ала качууга аракет кылып, каршылык көрсөткөндөн кийин машинадан түшүрүп качып кеткенин айтып арыз менен кайрылган. Милиция адам уурдоо, никеге кыйнап тургузуу аракети да кылмыш экенин эскертип, мындай окуяга күбө болгондорду өз убагында укук коргоо органдарына кайрылууга чакырды.