Бишкектик кишинин үйүнөн 5 килограммга жакын баңгизат табылды (видео)

Бишкекте ири өлчөмдөгү баңгизаттын түрүн саткан шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

28-март күнү Бишкек ШИИБдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына белгисиз жарандар баңгизаттарды сатып жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты боюнча баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 1991-жылы туулган жаран аныкталып кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Шектүүнүн дарегин текшерүү учурунда, жалпы салмагы 4 килограмм 802 граммды түзгөн баңгизаттардын ар кандай түрлөрү табылган. Шектүүнүн көрсөтмөсүндө, табылган баңгизаттар 10 миллиондон ашык сомго бааланган. Аларды Telegram социалдык тармагы аркылуу алып, кызмат көрсөткөнүнө айлык маяна алып жүргөнүн билдирген.