Бишкектик тургун эшиктин алдында турган унаасын таппай калган. 20 жаштагы жигит кармалды

Кайгуул кызматкерлери унаа уурдап качкан делген жаранды кармады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Кечээ, 27-июнда саат 06:50 чамасында “102” кызматына Чыңгыз Айтматов менен Жаманбаев көчөлөрүнүн кесилишинен чала тааныш адам унаасын айдап качып кетти деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда 1994-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. Анда үйүнүн короосунда токтоп турган Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаасын чала тааныш жаран айдап, белгисиз тарапка качып кеткен. Кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган жаранды кармалып, милицияга өткөрүп берилди.