Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында бир нече унаа кагышты (видео)

Бүгүн, 17-мартта борбор калаанын Киев-Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде 5-6 унаанын катышуусунда ири жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан маалымдашты.

Билдирүүгө ылайык, кырсык болжол менен саат 15:10дордо «Ала-Тоо» аянтына жакын жерде болгон. Анда маршрутка менен жеңил машина кагышып, андан кийин алар обочодо токтоп турган башка унааларды сүзүшүп, кагышышкан.

«Тилекке жараша кырсыктан эч ким жабыркаган жок. Кырсыкка катышкан бардык унаалар айып жайына токтотулду. Азыркы учурда кырсыктын себептери такталууда»,-деп билдиришти кайгуул кызматтан.