Бишкектин Бакай-Ата конушунда 2 окуучу сууга чөгүп көз жумду

Бишкектин Бакай-Ата конушундагы каналга 9 жаштагы кыз жана 6 жашар бала түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,  ӨКМ куткаруучулары бөбөктөрдүн сөөгүн түн жарымда суудан таап чыгарып, милицияга өткөрүп беришкен.