Бишкектин Батыш автобекетинде ири өрт чыкты (видео)

19-январда Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда жайгашкан Батыш автобекетинде өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Өрттү өчүрүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жалпы 4 күжүрмөн эсеп, штаб жана ИИМден 1 экипаж, Тез жардам кызматынан 1 бригада, РЭТтен 1 бригада, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан 1 кызматкер тартылды.

Тилсиз жоо саат 5:56да чектөөгө алынып, саат 8:54тө толугу менен өчүрүлгөн. Жабыркагандар катталган эмес. Учурда өрттүн келип чыгуу себептерин жана материалдык чыгымдары такталууда.