Бишкектин Биринчи Май райондук милициясынын тергөөчүсү опузалап пара алууга шектелип кармалды

Бишкектин Биринчи Май райондук милициясынын тергөөчүсү опузалап пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.

УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара алуу) боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 85 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда Биринчи Май районунун ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын капитаны кармалды. Тергөөчү сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн 2 миң доллар өлчөмүндө пара талап кылып жаткандыгы боюнча УКМКга жаран кайрылган. Шектүү УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.