Бишкектин борбордук көчөсүнөн эркек кишинин жансыз денеси табылды

Бишкектин борбордук көчөсүнөн эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынан маалымат таратышты.

23-май күнү саат 08:14тө шаардын Исанов жана Чүй кең көчөсүнүн кесилишинде киши колдуу болгон эркек кишинин жансыз денеси табылганы тууралуу билдирүү түшкөн. Ал болжолдуу түрдө 35-40 жашта болгон. Маркумдун аты-жөнү аныктала элек. Факты «киши өлтүрүү» беренеси боюнча каттоого алынып, тийиштүү экспертиза дайындалды. Маркумду өлтүрүүгө шектелип 1992-жылы жана 1989-жылы туулган эки жаран кармалып, тергөө абагына киргизилди. Тергөө иштери уланып жатат.