Бишкектин Ботаникалык багында өспүрүм киши колдуу болду

Бишкектин Ботаникалык багында өспүрүм киши колдуу болду. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан маалымдашты.

9-июнда милицияга аял киши кайрылып, анын уулун бычактаган белгисиз адамга карата чара көрүүнү суранган. Райондук милицияда «ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү катары 16 жаштагы өспүрүм кармалып, эки айга тергөө абагына киргизилди.

Тергөө иштери жүрүп жатат.