Бишкекте таксистти бычактап кетишти. Шектүүлөрдүн бири 20 жашта (видео)

Аламүдүн районунда каракчылыкка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. 

Маалыматка караганда, 6-декабрда Аламүдүн РИИБге 1971-жылы туулган жаран кайрылган. Ал Тойота-Эхо үлгүсүндөгү унаасы менен такси айдарын айткан. Ошол күнү саат түнкү саат 12лер чамасында Аламүдүн айылындагы Луговое айылында аны 2 жаран токтотуп, унаага түшүшкөн. Унаа 500 метр жүргөндөн кийин ага бычак сайып, акча, телефонун алып, из жашырышкан. Айдоочу бычактан алган жаракаттары менен Чүй облустук ооруканасына жаткырылган.

Кылмышка шектүү катары 1985 жана 2003-жылы туулган жарандар кармалып, камакка алынды. Тергөө уланууда.