Социалдык тармактын колдонуучулары Бишкек — «Манас» эл аралык аэропорту жолунда катталган кырсыктын видеосу менен бөлүшүп жатышат.
Видеонун авторунун айтымында, унаага жылкы келип урунган, кесепетинен унаа талкаланган. Ал эми жылкы аман.
Азырынча кырсык боюнча милиция маалымат бере элек.