Бишкектин четинде кулаган аскердик тик учак кырсыгынан бир киши каза болгону айтылууда

ИЛЛЮСТРАЦИЯ

Бишкектин четинде кулаган аскердик тик учактын кырсыгынан бир киши каза болду.

Бүгүн, 17-январда саат 10:55те Бишкекте Достук кичи районуна жакын “Фрунзе-1” авиабазасында Ми-8 аскердик тик учагы кулады. Тез жардам станциясынан кырсыктан бир киши каза болуп, бир канча адам жаракат алганы ырасталды.