Бишкектин четинде кулаган тик учак. 4 адам жандандыруу бөлүмүндө, экөөнүн абалы оор

Бүгүн, 17-январда Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн 23565 аскер бөлүгүнүн аймагында окуу-машыгуу учурунда Ми-8МТВ тик учагы кыйраган.

Коргоо министрлигинин акыркы маалыматы боюнча, тик учактын кыйрашынан 11 адам жабыркап, бир аскер кызматчысы каза болду. Төртөө жандандыруу бөлүмүндө, анын экөөсү өтө оор абалда, алты адам орточо жаракат алган.

Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн жана Коргоо министрлигинин кызмат адамдары тарабынан бул окуянын жагдайларын тактоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.