Бишкектин четинде кулаган тик учакта экипаждын командири каза болду

Бишкектин четинде кулаган тик учакта экипаждын командири каза болду. Бул тууралуу «Спутникке» коргоо министри Бактыбек Бекболотов билдирди.

Жабыркаган 7 адамды ооруканага алып кетишкен. Министр адистер «черный ящикти» алышканын, окуя боюнча кылмыш иши козголгонун кошумчалады.