Бишкектин четиндеги тик учак кырсыгынан 1 адам каза болуп, 8 адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазышты. Алардын бешөө жандандыруу бөлүмүндө жатат.
1. 1965-жылы туулган Н.И. реанимацияда;
2. 1996-жылы туулган А.Т. реанимацияда;
3. 1991-жылы туулган Н.З, реанимацияда;
4. 1995-жылы туулган Т.С.;
5. 1997-жылы туулган А.Ж.;
6. 1984-жылы туулган С.К. травматология бөлүмүндө;
7. 1998-жылы туулган М.А. реанимацияда;
8. М.Б., реанимацияда.