Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн аймагындагы жер үлүштөрүн жана мүлктүк комплексти мыйзамсыз ажыратуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК тарабынан мурда мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктү мамлекетке кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн аймагындагы жер үлүштөрүн жана мүлктүк комплекстерди мыйзамсыз ажыратуу фактылары аныкталды. Тактап айтканда, айыл чарба жерлери, өндүрүштүк жана социалдык объектилер кирген «Ала-Тоо» винсовхозунун мүлкүн менчиктештирүүнүн алкагында айрым кызмат адамдары тарабынан жер мыйзамдарын бузуу менен Ю.Б.К.нын менчигине жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө Бишкек шаарынын четиндеги 300 гектардан ашык жер мыйзамсыз берилгени аныкталган.
Жогоруда белгиленген адамдардын мыйзамсыз аракеттеринин жана алардын байланыштарынын натыйжасында Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айыл аймагында калктуу конуштарды кеңейтүү үчүн иш жүзүндө жер жок, натыйжада Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылынын жана Бишкек шаарынын Көк-Жар айылынын тургундары артезиан суусуна жана жайыт жерлерине жетпей калышкан. Аныкталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси «Коррупция» менен кылмыш иши козголуп, анын алкагында Ю.Ч.К. жана Ю.Б.К. үй-бүлөсүнүн эки мүчөсү кармалып, камакка алынды. Ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз ээликтен ажыратуу жана ээлеп алуу фактыларына тиешеси бар башка адамдар аныкталат.