Бишкектин четиндеги темир заводдо өрт чыкты (сүрөт)

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Алма-Ата көчөсү менен Айланма унаа жолунда жайгашкан цехтен өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Өрттү өчүрүүгө саат 03:41ден тарта жалпы 5 күжүрмөн эсеп жана Штаб тартылган. Тилсиз жоо саат 04:56да чектөөгө алынып, саат 05:58де толук өчүрүлгөн. Өрттүн жалпы аянты 360 чарчы метрди түздү.

Өрт өчүрүүчүлөр цехтин ичинен 10 кислород баллонду сыртка чыгарышып, анын жарылышын алдын алышкан. Такталган маалымат боюнча, темир буюмдарын өндүргөн цехтен чыккан өрттөн жабыркагандар жок. Учурда кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.