Бишкектин четиндеги велосипедчен өспүрүмдүн өлүмү. Уулунун күнөөсүн атасы мойнуна алган

Социалдык тармактарда велосипед тээп бара жаткан жаранды унаа сүзүп кеткен видео тараган. Милициянын кайгуул кызматынан маалымат беришип, 2007-жылы туулган өспүрүм ошол жерде көз жумуп, унаа айдоочусу кармалганын билдирген.

Бүгүн, 22-августта Бишкек ШИИБден кошумча маалымат беришти. «19-август күнү саат 22:00 чамасында Восток айылынын Ленин көчөсүндө түштүк тарапты көздөй бара жаткан Субару-Легаси үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, 2007-жылы туулган велосипедченди сүзгөн.

Аталган факты боюнча 312-берене (автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу, этиятсыздыктан өзгөчө оор зыян, башкача айтканда, адамдын өлүмүнө алып келген) менен кылмыш иши козголду.

Жарандын өлүмү боюнча шектүү катары 2006-жылы туулган өспүрүм кармалган. Белгилей кетсек, буга чейин окуя болгон жерде 1972-жылы туулган жаран аныкталып, Тергөө кызматына жеткирилген. Ал шектүүнүн атасы. Тергөөнүн жүрүшүндө, атасы уулунун кылмыш изин жашыруу максатында, күнөөнү өз моюнуна алып, көрсөтмө бергени аныкталган. Бул аракеттери менен ал уулун кылмыш жоопкерчилигинен калкалаган.

Тергөө иштеринин жыйынтыгында, 2006-жылы туулган жашы жете элек өспүрүм камакка алынган»,- деп айтылат маалыматта.