Бишкектин чок ортосунда жеңил унаа менен кичи автобус сүзүштү. 3 адам ооруканага жеткирилди

Бишкекте жеңил унаа менен жүргүнчү ташыган №220 каттамдагы кичи автобус сүзүштү. Бул тууралуу соцтармактын колдонуучулары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, кырсык Чүй проспектиси менен Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Окуя боюнча Милициянын кайгуул кызматына кайрылганыбызда кырсык болгонун тастыктап, анын кесепетинен 3 киши жаракат алганын айтышты.

«Кырсык саат 10:40 чамасында катталган. Анда Мерседес үлгүсүндөгү унаа менен №220 каттамдагы кичи автобус сүзүшкөн. Жеңил унаадагы 3 адам жараат алып, ооруканага жеткирилди. Милиция кызматкерлери иш алып барууда», — деп айтылат маалыматта.