Бишкектин чок ортосунда мушташ болуп, 2 жигит ооруканага кайрылды

16-декабрь күнү Биринчи Май РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Бишкек шаарынын Чүй проспекти менен Эркиндик бульварынын кесилишинде саат 01:00 чамасында топ балдар урушуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Ал жерге кызматкерлер барып, териштирген учурда Бишкек шаарынын №4 ооруканасына 2003-жылы туулган жаран жеткирилгени аныкталган. Ага баш мээси чайкалган, сол сол колу чоюлуп калган, бел тарабынан көк ала болгон деген диагноз коюлган, ошондой эле ал мас абалда экендиги аныкталган. Окуя боюнча суралганда ал Чүй проспекти менен Эркиндик бульварынын кесилишинде өтүп бара жатып, жашы болжол менен 20 жашта болгон топ балдар менен сөздөн сөз чыгып, келишпестиктен улам сабалганын билдирген. Аталган факты Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин маалыматтарды каттоо журналына катталган.

Мындан тышкары тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында ооруканага 2002-жылы туулган жаран кайрылганы, анын мас абалда экендиги аныкталган. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүп, окуяга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары уланууда.