Социалдык тармактын колдонуучулары Бишкектин чок ортосунда ок атуу болду деген видеону бөлүшүп жатышат.
«Исанов жана Чүйдөгү клуб. Саат 4төр чамасында унаадагы кишини атып кетти», — дейт автор.
Редакцияга Биринчи Май РИИБден маалымат беришип, аталган факты каттоого алынганын билдиришти.
Ал жерге милиция кызматкерлери барышкан. 1995-жылы туулган 2 жаран, 1988, 1983 жана 1985-жылы туулган жарандар аныкталып, милицияга жеткирилди. Учурда тергөө жүрүп жатат.