Бишкектин чок ортосунда ок атышууга шектелген бир нече жаран милицияга жеткирилди

Буга чейин Бишкек шаарынын борборунда ок атылганы, окуя кечээ, 22-декабрда саат 20:56да болгону маалым болгон эле. Бул боюнча Бишкек ШИИБ үн катты.

Алардын берген маалыматына караганда, факты каттоого алынган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. «Учурда алдын ала иликтөө иштери жүрүп, окуяга катышкандардын айрымдары аныкталып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди», — деп айтылат маалыматта.