Бишкектин чок ортосундагы атышуу. Кылмышка шектүүлөр кармалды

Бишкекте ок атуучу курал колдонуп, бейбаштык кылууга шектелген алты жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 22-декабрда саат 21:00 чамасында Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына Эркиндик бульварында мушташып, атышуу болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

Белгиленгендей, топ жарандар ортосунда чыр чыккан. Окуя болгон жерден алар газ-травматикалык тапанчанын болжолдуу үч гильзасын, ошондой эле аңчылык мылтыгынын үч гильзасын табышкан. Учурда алар Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.