Бүгүн, 16-сентябрь күнү Бишкек шаарынын Свердлов районунда алдын ала маалымат боюнча, Кара-Жыгач конушунда контейнерден куралган үй күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 08:40та Октябрь райондук №7 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган. Кошумча саат 08:49да Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 бөлүм, жалпы 2 күжүрмөн эсеп тартылган. Болжол менен үйдүн 300 чарчы метр аянты күйүп жатат.