Бишкектин кичи райондорунун биринде ымыркайдын баштыкка салынган жансыз денеси табылды

Бишкектин Аламүдүн-1 кичи районунда баштыкта ымыркайдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 17-октябрда болжол менен саат 11:55 чамасында Свердлов РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө чалуу түшкөн. Анда аталган кичи райондун аймагында баштыкта ымыркайдын жансыз денеси жаткандыгы айтылган. Факты катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, учурда тергөө амалдары жана ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.