Бишкектин көчөлөрүндө жыл башынан бери 33 жөө жүргүнчү көз жумду

Архив

“Пешеход” аталышындагы рейд учурунда сутка ичинде 750 жол эрежелерин бузуу аныкталып, туура эмес жерден өткөн жарандарга 1000 сомдон айып салынды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Жыл башынан тартып Бишкек шаарынын аймагында жөө жүргүнчүлөр катышкан 1097 жол кырсыгы катталган, анын кесепетинен 1131 жаран ар кандай жаракаттарды алып, тилекке каршы 33 жаран көз жумган. «Талдоонун негизинде аптанын төртүнчү күнү айрыкча түнкү убакта жөө жүргүнчүлөр катышкан жол кырсыгы көп катталгандыгы байкалган. Мындай көрүнүштүн келип чыгуу себептери жөө жүргүнчүлөр көрсөтүлгөн жөө өтмөктөрдөн же жол чырактардан өтпөстөн, унаа жүрүүчү чоң жолодордон кесип өткөндүктөн жана айдоочулар шашып жөө өтмөктөгү жөө жүргүнчүлөргө жол бошотуп бербегендиктен катталууда», — деп айтылат маалыматта.

Мындай жол кырсыктардын алдын алуу максатында Бишкек ШИИББ боюнча Милициянын кайгуул кызматы атайын “Пешеход” аталышында рейддик иш чара өкөрүп, бир сутканын ичинде 125 рейдке тиешелүү жол эрежелерин бузуу фактыларын аныктады.

Алардын ичинен:
— Жөө жүргүнчүлөрдү жөө өтмөктөн өткөбөй койгон айдоочулар 64 (ар бирине 3000 сомдон айып салынды);
— Көрсөтүлгөн жөө өтмөктөрдөн же жол чырактардан өтпөстөн, туура эмес жерлерден, чоң унаа жүрүүчу жолдорду кесип өткөн жөө жүргүнчүлөр 61 (ар бирине 1000 сомдон айып салынды);
— Башка жол эрежелерин бузуулар — 625 айдоочу.