Бишкектин Ленин районунун башкы архитектору кармалды

Бишкектин Ленин районунун башкы архитектору кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинде каралган кылмыш ишинин алкагында опузалап 2 миң доллар өлчөмүндө акча каражатын талап кылуу фактысы боюнча, 22-январда Бишкек шаарынын аймагынан 1 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен Бишкек шаарынын Ленин районунун башкы архитектору А.Н.М. жана Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик картографиянын экономикалык бөлүгү боюнча бөлүмүнүн башчысы М.Ж.А. кармалды. Ленин районунун башкы архитектору А.Н.М. аффилирленген жактар аркылуу коммерциялык объектилерди бузуу шылтоосу менен ар бир объектиге 2-3 миң доллар өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы аныкталды.

Учурда кармалгандардын катышуусунда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп, башка кызмат адамдарынын бул коррупциялык схемага катышуусу бар экендиги аныкталууда.