Бишкектин мурдагы мэри Азиз Суракматов 26-июлга чейин камакта болот

Бүгүн, 28-майда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда коррупция жана мыйзамсыз баюуга шектелип жаткан борбор калаанын мурунку мэри Азиз Суракматовдун баш коргоо чарасы каралып, 26-июлга чейин камакта калтырылды. Маалыматка караганда, ал УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Суракматов 26-майда коррупцияга жана мыйзамсыз баюуга шектелип Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери тарабынан кармалган.