Бишкектин мурдагы мэри Азиз Суракматовго козголгон кылмыш иши токтотулду

Бишкектин экс-мэри Азиз Суракматовго козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Биринчи Май райондук сотунан билдиришти. 

«25-январда болуп өткөн соттук отурумда айыпталуучу Азиз Суракматовдун жактоочусу жазык жоопкерчилигине тартуунун эскирүү мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу жазык ишин кыскартуу жөнүндө өтүнүч келтирди. Ал өзүнүн өтүнүчүндө жоруктар 2003, 2004, 2005 жана 2006-жылдарда болгондугун жана арадан 15 жылдан ашык мөөнөт өткөндүгүн көрсөткөн. Айыпталуучу Суракматов жактоочусунун өтүнүчүн колдоду жана ал күнөөсүн моюнга аларын, айыптоого каршы эместигин, сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө түзүлгөн кызматташтык жөнүндө макулдашууларды колдой тургандыгын, анын шарттары толугу менен аткарылгандыгын баяндады. Келишимдин алкагында ал тарабынан 170 миллион сом өлчөмүндө материалдык зыян төлөнгөн. Ал тарабынан төлөнгөн акча каражаттарын мамлекеттин кирешесине которууну суранды жана анын төлөнгөн акча каражаттары боюнча дооматтары жок экендигин айтты. Аталган өтүнүчтү жана тараптардын ойлорун угуп, сот Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-болугу менен айыпталып жаткан Азиз Суракматовго карата жазык ишин жазык куугунтугунун эскирүү мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу өндүрүштөн токтотту. УКМКнын депозиттик эсебинде турган, Суракматов тарабынан салынган 170 миллион сом өлчөмүндөгү акча каражаттары мамлекеттин кирешесине которулду», — деп айтылат маалыматта.