Бишкектин мурдагы вице-мэри Азат Узаков камакта калтырылды

Бишкектин мурдагы вице-мэри Азат Узаков камакта калтырылды. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Биринчи Май райондук сотунан тастыкташты.

Маалыматка караганда, ал 18-августка чейин камакта болот.

Узаков 2-февралда мектептерди курууда бюджеттик каражаттарды бөлүштүрүү жана пайдалануудагы коррупциялык схемага байланыштуу камакка алынган.