Бишкектин мурдагы вице-мэрине мыйзамсыз баюу фактысы боюнча кылмыш иши козголду (сүрөт)

Бишкектин мурдагы вице-мэрине мыйзамсыз баюу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкек мэриясында жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүндө коррупцияны аныктоо жана бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө менчик курулуш компанияларынын өкүлдөрүнө элиталык көп кабаттуу турак жайларды куруу үчүн муниципалдык жер тилкелерди берип камсыздоодо мыйзамсыз баюу фактылары аныкталды. Такталгандай, Бишкек шаарынын жетекчи кызматында иштеген мурдагы вице-мэри А.У.Ш. жана анын структуралык бөлүмдөрү кызматтык абалдарынан пайдаланышып, мыйзамсыз баюу жана материалдык артыкчылыктарды алуу максатында муниципалдык кызматтын кызыкчылыгына каршы келген, ыйгарым укуктарга ээ болгондуктан, өзүнө караштуу чарбалык субъектилердин өкүлдөрүнө көп кабаттуу үйлөрдү курууга уруксат беришкендиги аныкталды. Билдирилген мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында экс-вице-мэр жакын туугандарына, Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда 7 жер тилкеси, 11 кызматтык жайлар жана 4 турак жай, 11 батир жана 10 унаа токтотуучу жай, Ысык-Көл облусунда 2 коттедж жана 5 кымбат баадагы унааларды өзүнө тиешелүү адамдарга каттаткан. Натыйжада мурдагы чиновниктин жакын туугандарынын кирешелери кескин көбөйүп, 100 миллион сомдон ашык бааланган. Учурда кылмыш иши боюнча мыйзамсыз алынган мүлктөрдүн бардык тизмесин аныктоого багытталган ыкчам тергөө иш-чараларынын комплекси жүргүзүлүп жатат.

УКМК тараткан инициалга Бишкектин экс-вице-мэри Азыгалиев Уланбек Шайлообековичтин аты-жөнү туура келет.