Бишкектин мурунку вице-мэри Азиз Алымкулов кармалды

Бүгүн, 31-мартта Аскер прокуратурасынын кызматкерлери тарабынан Бишкектин экс-вице-мэри Азиз Алымкулов кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, Алымкулов жана УКМКнын райондук башкармалыгынын жетекчиси мыйзамсыз баюу жана Бишкек шаарындагы кымбат баалуу жер тилкелерин пайдаланууга берүүдөгү коррупция фактысы боюнча иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында кармалышкан.

Алар өздөрүнүн жооптуу кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, башка адамдар менен кутумга барып, Бишкек мэриясынын кызматкерлерине кысым көрсөтүү менен жер тилкелерин мыйзамсыз түрдө өз адамдарына каттатышкан.

Учурда кылмыш ишин иликтөө уланууда, иштин башка фигуранттары аныкталып жатат.