Орок муниципалдык аймактык башкармалыгында айыл өкмөттүн мурдагы кызматкерлери 19 турак үйгө тиешелүү 2,06 гектар жер тилкесин мыйзамсыз менчикке беришкен. Аталган факты боюнча Бишкек шаарынын прокуратурасы кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
«2024-жылдын 29-февралында Жал айылындагы 534 чарчы метр жер тилкеси К.Т. аттуу жаранга мыйзамсыз берилген. Ошондой эле, мыйзамсыз түрдө жер мунапысын жүргүзүү боюнча комиссия түзүлүп, анын чечиминин негизинде 19 турак үйгө тиешелүү 2,06 гектар жер тилкеси мыйзамсыз менчикке бекитилген», — деп жазылат маалыматта.
Учурда тергөө иштери уланууда. Президенттин 2023-жылдын 29-декабрындагы Жарлыгында жер тилкелерин трансформациялоого тыюу салынган.