Орто-Сай айылындагы үйдөн өрт чыгып, 3 адам куткарылды

Бишкек шаарынын Орто-Сай айылында жайгашкан үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Өрт 06:12де толугу менен өчүрүлгөн. Кырсыктын кесепетинен 3 адам ууланган, учурда абалдары туруктуу. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 100 чарчы метрди түздү.