Бишкектин сауналарынын биринде интимдик кызмат көрсөтүү аныкталды

Свердлов районунун ички иштер башкармалыгынын милиция кызматкерлери жана Свердлов районунун УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте сойкулукка жана ыпластыкка шектүү жаран аныкталды.

Бүгүн, 1-майда Бишкек шаарынын Свердлов районунун ички иштер башкармалыгында «Притон-Бабочка» аталышындагы профилактикалык иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын Осмонкул көчөсүндө жайгашкан сауналардын биринде администратор социалдык жоопкерчилиги чектелген кыздарга интимдик кызмат көрсөтүүгө шарт түзүп берилгени аныкталган. Аталган факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесине (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) ылайык кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин милиция кызматкерлери жана Свердлов районунун УКМКнын кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 1987-жылы туулган Д.И. аттуу жаран аныкталып кармалган. Свердлов РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.