Бишкекте «Тазалыктын» кызматкерин сүзүп качып кеткен айдоочу табылды

Борбор калаадагы «Тазалык» ишканасынын кызматкерин сүзүп качып кеткен айдоочу табылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, бүгүн ал жана вице-мэр Жамалбек Ырсалиев ооруканада жаткан «Тазалык» кызматкери Мадина Токобаевадан кабар алышкан.

Маалыматка ылайык, мындан бир нече күн «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Мадина Токобаева апасы Жылдыз Орозалиева менен аларга бирилген участокту болжол менен таңкы саат 6:30 чамаларында шыпырып, тазалап жүрүшкөндө «BMW» үлгүсүндөгү кара түстөгү унаа Мадина Токобаеваны сүзгөн. Анда жабырлануучунун апасынын айтымында,  экөөндө тең атайын жарыктан чагылдыруучу жилеттер болгон. Ага карабай унаа катуу ылдамдыкта келип сүзүп, айдоочу качып кеткен.

Жабырлануучу азыр №4 Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда дарыланып жатат, баш мээси чайкалган, буту сынган, сол бети, көздүн гематомасы жана көп сандаган жаракаттарды алган.

Кырсыктан кийин айдоочу тийиштүү органдар тарабынан табылып, анын туугандары ооруканага келип, Токобаеванын дарылануусуна жарым-жартылай акча төлөп беришкен. Учурда унаа кырсыгынын себептерин аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.