Бишкектин тургуну 14 жаштагы кошунасын 5 жаштагы уулуна ыплас аракет кылган деп айыптады

Sad alone boy sitting on the ground behind the wall outdoor.

Бишкек шаарынын тургуну өспүрүмдү уулуна карата ыплас мамиле кылган деп айтыптап жатат. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти. 

Маалыматка караганда, окуя 5-октябрда саат 15:30 чамасында жаңы конуштардагы үйлөрдүн биринде болгон. Шаар тургунунун айтымында, жашы жете элек кошунасы 2016-жылы туулган уулуна ыдык көрсөткөн. Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси менен катталган. Тергөө учурунда милиция кызматкерлери мыйзамдуу өкүлүнүн катышуусунда 14 жаштагы өспүрүмдү суракка алышкан. Ал эч кандай ыплас аракеттерди жасабаганын билдирген.

РИИБдин басма сөз кызматы соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, балага карата ыплас аракеттерди жасоо фактысы тастыкталбаганын белгиледи. Тергөө уланууда.