Бишкектин тургуну баңгизат колдонгондорду үйүндө багып, аларга баңгизат саткан

Бишкек милициясы баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү делген жарандан баңгизаты сатылып алынган, ал соттук-химиялык экспертизага жөнөтүлүп, анын корутундусуна ылайык, изилдөө үчүн берилген зат синтетикалык маңзат Альфа PVP экени аныкталган.

Андан соң, шектүүнүн жашаган жеринен дароо тинтүү жүргүзүлүп, 2 даана өлчөмүндөгү өзгөчө жыты бар заты бар сары түстөгү ысыкта жыйрыла турган баштыктар, ошондой эле алдын ала ар кандай керектүү шаймандар табылган. Мындан тышкары, батирде баңгизат колдонуучулар болгон, алар көп убакыттан бери батирдин ээси аларга баңгизатын сатып, колдонуусу үчүн үйү менен камсыздап келгендигин айтышкан. Алынган заттар таңгакталып, мөөр басылып, соттук-химиялык экспертизага жөнөтүлгөн.

Райондук башкармалыктын тергөө кызматына 1979-жылы туулган жаран жеткирилип, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.