Бишкектин тургуну соода борбордун алдында турган унаасын таппай калган. Кылмышка шектүү кармалды

Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери унаа уурдоого шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

5-ноябрда жаран Ленин РИИБге арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү саат 22:45 чамасында Баха жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Фрунзе» соода борборунун астынан Матиз үлгүсүндөгү унаасын белгисиз жарандар айдап качып кеткендигин кабарлаган. Бул боюнча Милициянын кайгуул кызматкерлерине багыттама берилип, кылмышка шектелип 1992-жылы туулган жаран кармалды. Бул факты Ленин РИИБге катталып, Жазык кодексинин 206-беренесинин (автотранспорт каражаттарын айдай качуу) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.