Бишкектин тургуну үйүндөгү 418 миң сомун уурдатып жиберди

Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабын батир уурулукка шектүү жаран кармалды.

14-март күнү Свердлов РИИБге жаран белгисиз адамдарга чара көрүү арызы менен кайрылган. Анда ошол эле күнү борбор калаанын Чыгыш-5 кичи районунда жайгашкан батирлерин биринде кирип, сейфтен 418 миң сом акча уурдап кетишкенин айткан.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза Кодексинин 205-бересине (уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 2001-жылы туулган жаран аныкталып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.